Тик учактын кырсыгынан 14 адам жаракат алган. Анын ичинен биринин абалы оор

Close-up of male paramedic dressing elbow wound

Тик учактын кырсыгынан 14 адам жаракат алган. Анын ичинен биринин абалы оор. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка караганда, «Тез жардам» кызматы аркылуу Ош облустар аралык бириккен ооруканасына 14 жаракат алган киши жеткирилген. Анын ичинен бешөө күйүк бөлүмүнө, үчөө нейрохирургияга, бири травматологияга жаткырылды. Жаракат алгандардан биринин абалы оор, төртөөнүн абалы орто, дагы төртөөнүн абалы салыштырмалуу канааттандырарлык. Калган беш адам биринчи медициналык жардам алган соң, Аскердик госпиталга жөнөтүлдү. Баары тийиштүү дарылануу алышууда.

Бүгүн, 14-июнда кыргыз-тажик чек арасындагы курч абалга байланыштуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган делегация бара жаткан 2 учактын бири кырсыкка кабылганы маалымдалган.