TikTok тартабыз деп зордукталып, төрөгөн кыз. Шектүү камакта калтырылды

7-мартта акыйкатчы Атыр Абдрахматова Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук прокуратурасынан мыйзамдын талабын аткарууну жана жана Башкы прокуратуранын өрттөнүп кеткен эски имаратында жашы жете элек кызды зордуктоо боюнча ишти алып барып жаткан тергөөчүнүн аракетине баа берүүнү талап кылган.

Анда шектүү жаран эмдигиче кармала электиги, эки жылдан ашык убакыттан бери эркиндикте жүргөнү айтылган.

Бүгүн, 22-мартта шектүүнүн кармалып, сотто бөгөт чарасы каралганы маалым болду. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май РИИБден соттун 18-марттагы чечими менен айыпталуучу камакта калтырылганын билдиришти. Маалыматка караганда, ал 17-апрелге чейин камакта болот.