«TikTok үчүн тартылган». Милиция видеодогу жигиттерди таап, ишти сотко өткөрдү

Кечээ, 17-февралда соцтармакта видео тарап, анда баланы мамыга скотчтоп, башына болжолдуу айран куюп, ун сымал ак зат чачып жатканын көрүүгө болот. Видео боюнча Бишкек милициясы жигиттерди таап, милиция бөлүмүнө жеткиришкен. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, бул видео туулган күндө TikTok үчүн тартылган оюн болгон. Эч кимдин эч кимге дооматы жок. Бардык материалдар «майда бейбаштык» беренеси менен сотко өткөрүп берилген.