Интернет аркылуу опузалап акча талап кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Жалал-Абад облусунун тургуну интернет аркылуу жеңил акча табууну көздөп, шантаж жолу менен интимдик мүнөздөгү фото жана видеотасмаларды таратам деп коркутуу жолу менен борбор калаада иштеп, жашап жүргөн жарандан акча талап кылган. Мунун баары ушул жылдын күз мезгилинде башталган. 32 жаштагы жаран ТикТок баракчасында интимдик кызматтарды көрсөтөрүн билдирген кыздын сүрөтүн байкап калган.
Таанышуу максатында кызга кат жазып, алардын ортосунда кат алышуу башталган. Бирок ал экөөнүн видео чалуудагы “сырдуу баарлашуу” учурунда маектеши скриншот тартып, видеого жаздырып алган. Кийинки кат алышууларда маектеши интимдик видеолорду тартып алдым, интернетке чыгарам деп коркутуп, акча талап кыла баштаган. Ошол эле учурда ал маал-маалы менен компромат видеолорду жөнөтүп, бул жакын арада коомчулукка белгилүү болорун, анын аброюна доо кетирерин айткан.
Ноябрда милицияга аталган жаран кайрылып социалдык тармактарга интимдик сүрөттөрдү жана видеолорду таратам деп коркутуп, системалуу түрдө акча талап кылган белгисиз адамга карата чара көрүп берүүнү суранган. Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүмү “опузалап талап кылуу” боюнча кылмыш иши козголгон.
Шектүү башка бирөөнүн контентин толугу менен көчүрүп алып, өз баракчасына жайгаштырган. Сүрөттө башка кыздын сүрөтү болгон. Шектүү катары 2002-жылы туулган жаран кармалды.