ТикТокто кызына сыра ичирткен келин кармалды

Буга чейин социалдык тармакта түз эфирде отуруп, кичинекей кызына «пиво ич» деп айтып жаткан келиндин видеосу тарап, талкуу жараткан. Окуя боюнча ИИМден маалымат беришти.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери кызматкерлери тарабынан ТикТок аркылуу өз баласынын өмүрүнө коркунуч жаратып сүйлөгөн келин такталып, аймактык милиция кызматкерлери менен биргеликте, Ош ШИИБге өткөрүп берилди.

Ал Баткен облусунун 1995-жылы туулган тургуну Ош шаарына 17-февраль күнү тааныштарынын үйүнө келгенин жана өзүнүн түз эфир аркылуу кызына карата жасаган бул кылган мамилесин «хайп кармоо жана күйөөсүн коркутуу үчүн жасаган элем» деп түшүндүргөн. Милиция кызматкерлери мынчалык тез реакция жасап, кармалып каларын күтпөгөндүгүн билдирип, элден кечирим сурады.

Кармалган келиндин кыймыл-аракетине юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматына өткөрүп берилди.