Тиктоктогу блогер «Акбала» милицияга алып келинди

25-май күнү болжол менен саат 01:00-02:00 аралыгында Сузак районунун 1974-жылы туулган тургуну Акбала Нурдинов Тикток баракчасында «батл» оюнун ойноп жатып, өзүнүн заарасын ичип жаткан видеосу тараган. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан маалымдашты.

Бул боюнча Акбала Нурдинов өзүнүн заарасы эместигин, ал алдын ала даярдап койгон заарасын түсүнө окшош суусундукту (сок) ичкендигин жана мындан нары терс көрүнүштөр кайталанбай тургандыгын айтып, кечирим сураган. Учурда бул фактыга юридикалык баа берүү максатында, Сузак РИИБи тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.