«Тилдеп, денеге жаракат келтирип…» Ошто кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн милициянын криминалдык кызматынын кызматкерлери тарабынан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

21-сентябрда Өзгөн РИИБге Ош шаарынын Төлөйкөн кичи районунун 33 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, ошол эле күнү саат 23:30 чамасында Өзгөн районунун Куршаб айылындагы «Элиме» кафесинин алдында аны 30, 38 жаштагы кишилер эч бир себепсиз оозго алгыс сөздөр менен тилдешип, жанындагы кол телефонун жерге чаап, талкалашып, колдору менен урушуп, денесине жаракаттарды келтиришкенин билдирип, окуя боюнча мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Өзгөн РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш аракеттин негизинде шектүүлөр ошол күнү кармалган. Шектүү катары кармалган 38 жаштагы жаран 2004-2013-жылдар аралыгында 2 ирет тоноочулук, 2 ирет бейбаштык жана 1 ирет адам өлтүрүү фактысы менен соттолгон. Кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин ыкчам тизмесинде каттоодо турган. Ал эми шектүү 30 жаштагы жаран тоноочулук фактысы менен 1 ирет соттолгону белгилүү болду. Бул факты 22-сентябрда Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Аталган факты боюнча тергө иштери улантылууда.