Ош шаардык соту Тилек, Исламбек, Руслан Матраимовдордун бөгөт чарасын карады. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош облустук сотунан бир туугандардын бөгөт чарасы тууралуу маалымат беришти.
Матраимов Тилек Исмаилович — Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу, этиятсыздыктан оор залал келтирген жосун) каралган кылмыш иши тагылган. Ал соттун чечими менен 26-апрелге чейин камакта калтырылды.
Матраимов Руслан Исмаилович — Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо) кылмыш иши тагылды. Ал соттун чечими менен 18-майга чейин камакта калтырылды.
Матраимов Исламбек Исмаилович — Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо) кылмыш иши тагылды. Ал соттун чечими менен 18-майга чейин камакка алынды.
- 25-мартта УКМК тиешелүү атайын кызматтар менен биргеликте Азербайжандын аймагында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду эл аралык издөөдө кармап, Кыргыз Республикасынын аймагына алып келди. Ошондой эле аны менен бирге бир туугандары Тилек Матраимов, Руслан Матраимов, Исламбек Матраимов да алып келинген.