Тилек Матраимов соттолуп, 220 миң сом айып пулга жыгылды

Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов “чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси боюнча соттолуп, 220 миң сом айып пулга жыгылды. Бөгөт чарасы үй камагында калтыруу бойдон калган. Бул тууралуу Ош облустук сотунан маалымат таратылды.

Тилек Матраимов октябрь айындагы окуялардан кийин кыргыз-өзбек чек арасынан мыйзамсыз өтүп бара жаткан жеринен кармалган эле.