Тилек Матраимов үй камагына чыгарылды

Тилек Матраимов үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Ош шаардык соту тергөөчүнүн өтүнүчү менен чыгарды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттингине Ош облустук сотунан тастыкташты. 

Матраимов Тилек Исмаилович — Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу, этиятсыздыктан оор залал келтирген жосун) каралган кылмыш иши тагылган. Ал буга чейин соттун чечими менен 26-апрелге чейин камакта калтырылган.