Тилек Матраимовго сот өкүмү чыкты

Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимовго сот өкүмү чыкты. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош облустук сотунан тастыкташты.

«Кара-Суу райондук сотунун 2024-жылдын 11-июндагы өкүмүнүн негизинде Тилек Матраимов Жазык кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, 3 жылдык мөөнөткө мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөө укугунан ажыратуу менен 1 миллион сом айып салынган.

Ош облустук сотунун 2024-жылдын 6-августундагы өкүмүнүн негизинде Жазык кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү менен айыпталуучуга карата Кылмыш-Жаза кодексинин 79-беренесинин 1-бөлүгүн (күнөөсүн мойнуна алуу жөнүндө келишим түзүлгөн учурда жазаны дайындоо) колдонуу менен мамлекеттин пайдасына 300 миң сом өндүрүлгөн.

Облустук соттун өкүмүнө нааразы тарап Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна кассациялык тартипте даттанууга укуктуу»,- деп айтылат маалыматта.