Тилекмат Кудайбергенов: «Мен бийликти сынга алгам, бирок күч менен басып алууга үндөгөн эмесмин»

Тилекмат Кудайбергеновдун кармоо шарттарына эч кандай дооматы жок жана ал кыйноого алынбагандыгын билдирди. Кызматкерлер эки жолу Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына барып ал менен баарлашып келишти. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта Акыйкатчы аппаратынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Тилекмат Кудайбергеновдун кармоо шарттарына эч кандай дооматы жок жана ал кыйноого алынбагандыгын тастыктаган. Баарлашуунун жүрүшүндө Тилекмат Кудайбергенов Свердлов райондук сотунун ага карата тандалган баш коргоо чарасын — камакка алуу чечимине нааразычылыгын билдирип, ачкачылык жарыялаганын билдирди.

Ал ошондой эле социалдык тармактар ​​аркылуу бийликтин аракетин сынга алганын, бирок бийликти күч менен басып алууга чакырбаганын белгилеген.

15-мартта Бишкекте милиция кызматкерлери жарандык активист Тилекмат Кудайбергеновду кармап кетишкен. Ал Фейсбукта Тилекмат Куренов деп катталган. Кийинчерээк Бишкек шаардык милициясы ал социалдык тармактарга жазган билдирүүлөрүндө бийликти күч менен басып алуу жана массалык башаламандыкка чакыруу белгилери бар деп шектелип, камакка алынганын билдирген.

Анын тарапташтары адамдын оюндагысы менен айтып койгону кылмыш деп эсептелберин айтышып, 5 күндүн ичинде Бишкек шаардык сотуна кайрылышарын билдиришкен.

9-март күнү Кудайбергенов тарапташтары менен Ак үйдүн жанында жаңы Конституцияга каршы нааразычылык акциясын уюштуруп, президент Садыр Жапаровду, Жогорку Кеңештин спикерин жана депутаттарды бийликти узурпациялоо үчүн сотко берүүгө даяр экенин билдирген.