«Тилине ийне менен сайгылачу». Ошто сабалган эгиз кыздардын ишин Акыйкатчы көзөмөлүнө алды

Аравандагы энеси тарабынан сабалган эгиз кыз 21-ноябрда туура үч жашка толушат экен. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын тапшырмасы менен биздин адистер абакта жаткан аял менен, доктурлар, милиция, социалдык кызматкердер, туугандары менен сүйлөшүп толук отчёт даярдашты. Бул тууралуу Акыйкатчынын кеңешчиси Ибраим Нуракун уулу жазды.

«Документтеги маалыматтарды окуган кишинин төбө чачы тик турат. Доктурлардын айтымында, эгиз кыздын денелеринде зордук-зомбулуктун жаңы жана эски тактары көп экен. Энеси бул эгиздерди кайненем дагы сабачу, колдоруна, тилдерине ийне менен сайгылачу деп айтып бериптир. Бул маалыматты эми укук коргоо органдары иликтеши керек. Энеси камалып, атасынын колуна өткөн наристелер мындан кийин да жакындары тарабынан зомбулук көрбөйбү дегенге кепилдик жок. Бул ишти Акыйкатчы аягына чейин толук көзөмөлүнө алат. Жакынкы күндөрү бул иш боюнча Акыйкатчынын басма сөз кызматы толугураак маалымат берет»,- деди ал.