Тимур Файзиев тергөө иштеринен жашырынып жүрөт. Сот аны сырттан камакка алды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун бүгүн, 27-майындагы токтомуна ылайык, шектелүүчү Тимур Файзиевге карата бөгөт коюу чарасы катары сырттан камакка алуу түрү тандалды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине аталган соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы ЖАМК №21 тергөө изоляторуна деп белгиленди.

Эске салсак, бүгүн, 27-майда Тимур Файзиевдин коррупцияга шектелип жатканы маалым болгон.