«Элит хаустун» директору Тимур Файзиевге издөө жарыяланды

Аскер прокуратурасынын тергөө тобу ишкер Тимур Файзиевге кечээ, 27-майда издөө жарыялады. Бул маалыматты Башкы прокуратура тараткан.

Ишкер Бишкек шаарынын аймагында жер тилкесин алуудагы коррупцияга аралашкан жана мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн деп шектелип жатат. Тергөө уланууда.

Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту «Elite House» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиевге карата сыртынан камакка алуу боюнча чечим кабыл алганы белгилүү болгон. Анын жүргөн жери белгисиз.