Өткөн жылдын 18-декабрында Бишкекте тишин дарылаткан 3 жашар кыз чарчап калган. 12-январда Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн шектүү кармалган. Ал 1992-жылы туулган аял киши болгон. Бирок сот аны үй камагына чыгарып жиберген. Кийин Иса Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борборунун директору да кармалып, камакка алынган. Ошондой эле сот мурда үй камагына чыгарылган анестезиологдун бөгөт чарасын өзгөртүп, кайра камакка алганын билдирген.
Бүгүн, 24-декабрда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине аталган иш боюнча Октябрь райондук соту шектүүлөргө карата өкүм чыгарганы маалым болду.
Аталган райондук сотунун чечими менен стоматолог 5 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Ошондой эле 2 жылдык мөөнөткө медициналык ишмердүүлүк менен алектенүү укугунан ажыратуу менен жазасын жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөйт. Ал сот залынан камакка алынды.
Анестезиолог 6 жылга эркинен ажыратылды. Ошондой эле 2 жылдык мөөнөткө медициналык ишмердүүлүк менен алектенүү укугунан ажыратуу менен жазасын жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөйт. Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылды.
КММАнын медициналык борборунун ошол учурдагы директору 5 жыл 6 айга эркинен ажыратылып, бирок 3 жылдык пробация менен сот залынан бошотулган.
Стоматологдун жолдошу 5 жылга эркинен ажыратылган. Жазасын жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөйт.
Клиниканын директору кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган.
Жабырлануучулардын (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) пайдасына 1 миллион сом өлчөмүндө моралдык зыяндын ордун толтуруу жана 541 миң 745 сом өлчөмүндө материалдык чыгым өндүрүлгөн.