Тишин дарылатып чарчап калган 3 жашар кыз. Анестезиолог атасы ооруганы үчүн үй камагына чыгарылганбы?

18-декабрда Бишкекте тишин дарылаткан 3 жашар кыз чарчап калган. Анын чоң энеси менен атасы акыйкаттык издеп коомчулукка кайрылган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесине (Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) ылайык кылмыш иши козголуп, бардык керектүү экспертизалар дайындалган.

12-январда Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн шектүү кармалган. Ал 1992-жылы туулган аял киши болгон. Экспертизанын жыйынтыгында «баланын өлүмүнө дары-дармектерди колдонуудан улам келип чыккан анафилактикалык шок» себеп болгон. 31-январда чарчап калган кыздын чоң энеси СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кайрылып, кармалган анестезиолог үй камагына чыкканын билдирип, акыйкаттык таппай жатканын айтып, митингге чыкканын билдирди.

Редакцияга маалыматты Бишкек шаардык сотунан тастыкташты. «Соттук коллегия сот актысын чыгарууда айыпталуучунун туруктуу жашаган жери бар экендигин, тагылган айып анча оор эмес кылмыш категориясына таандык экендигин эске алуу менен үй камагына чыгарылды»,- дешкен. 

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Соттогу маалымат жыйында Бишкек шаардык сотунун судьясы Мирад Динеев дарыгердин эмне үчүн үй камагына чыкканын түшүндүрдү. Анын айтымында, айып анча оор эмес кылмыш категориясына киргендиктен, бул берене менен камоого болбойт. Айыпталуучу тергөө иштерине катышкан. Жашаган жери бар, аты-жөнү такталган. 18-декабрдан бери 4 жолу чакырылган, анын баарына келген. «Сотто жактоочу тарап айыпталуучунун атасы ооруп, гемодиализ аларын, кызы аны карарын айтты, бирок сотто бул эске алынган жок», — деди ал.