«Тишин сындырып, 80 миң сомун тартып алып…». Бишкекте 54 жаштагы жаран сабалды

Бишкекте каракчылыкка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

19-майда саат 22:20 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Бейшеналиев жана Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жарандар мушташып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке барган милиция маалыматты тактаганда, 1968-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Анда белгисиз үч жаран арыз ээсин кастет менен жаакка уруп, үч тишин талкалап, 80 миң сом акчасын жана уюлдук телефонун тартып алганга аракет кылган.

Кылмышка шектүү катары 1990 жана 2002-жылы туулган жарандар кармалып, Ленин РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүп берилди.