«Тиштери талкаланган». Укук коргоочу 3 баланын апасы күйөөсү тарабынан катуу сабалганын жазып чыкты

Кечээ, 29-сентябрда укук коргоочу Азиза Абдирасулова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасаган. Анда 1996-жылы туулган келиндин күйөөсү тарабынан сабалганын билдирген. 

«1996-жылы туулган 1, 2 жана 6 жаштагы үч кыздын энеси Кемин шаардык ооруканасынын хирургия бөлүмүндө оор абалда жатат. Алдын ала маалыматка ылайык, 21-сентябрда 12-13:00 чамасында ал күйөөсү тарабынан катуу сабалган. Ал мурунку аскер кызматкери болгондуктан аялын башкача ыкма менен сабаптыр. Колуна сүлгү алып, бети-башына катуу сокку урган. Соккунун кесепетинен келиндин тиштери талкаланып, көзүнүн чанак сөөктөрү сынып кеткен, баш мээси катуу чайкалган. Эмчектеги баласын эжеси, калган балдарын апасы карап жатышат. Ошол эле күнү шектүү кармалып, бирок 3 сааттан кийин эркиндикке коё берилиптир. Себебин бул үй-бүлөлүк чыр-чатак деп коюшуптур», — деп жазды ал.

Бул факты боюнча Чүй ОИИБ маалымат таратып, 1994-жылы туулган шектүү кармалганын, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдиришти. Ошондой эле 28-сентябрда (үй-бүлөлүк зомбулук) беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөө уланууда.