«Тиштерин сындырып, телефонун алып кетти». Туңгучта массалык мушташ болду

Бишкектин Туңгуч кичи районунда массалык мушташ болду. Бул тууралуу маалымат каражаттарына күбөлөр билдиришти.

Маалыматка караганда, видео 21-декабрда түшкү саат бирлер чамасында тартылган. «Топ адамдар сабап, 5 тишин сындырып, телефонун алып кетишти», — деп жазышты.

Окуя боюнча милиция маалымат бере элек.