«Точка» кылмыш дүйнөсүндөгү ишине чекит койду

Кылмыш дүйнөсүндө “Точка” деген ат менен белгилүү болгон М.Т.И. кылмыштуу аракеттерден жана көрсөтүлгөн чөйрөдөгү адамдар менен баарлашуудан баш тартты. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

Ал жергиликтүү кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү, ИИМдин маалымат базасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган.