Тогуз-Тородо жылкы кароо үчүн тоого кеткен жарандын жансыз денеси кар алдынан чыгарылды

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Тогуз-Торо районундагы Атай айылынын 1978-жылы туулган тургуну жылкы кароо үчүн тоого чыгып, саат 15:00 чамасында кар көчкү түшүп, анын алдында калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ошондой эле жанындагы кошо чыккан 2 адам аман-эсен калышкан. Жерине 11 куткаруучу, 1 жүктөгүч жана жергиликтүү тургундардан 17 адам тартылган. Саат 18:00дө жогоруда аталган жарандын жансыз денеси жергиликтүү тургундар тарабынан табылган.