Тогуз-Тородо кар көчкү астында калган Кытай жараны табылды. Дагы эки киши изделүүдө

Бүгүн, 26-февралда саат 15:30 чамасында Тогуз-Торо районунда кар көчкү астында калган Кытай жараны  табылды. Дагы эки Кытай жараны изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

14-февраль күнү Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад альтернативдик унаа жолунунун 332 жана 338-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкүлөр түшкөн. Кар көчкү «Чайна Роуд» ишканасынын 4 кызматкерин унаалары менен басып калып, алар дайынсыз болуп жаткан. Алардын бири Кыргыз жараны, калганы Кытай жараны болгон. Буга чейин 24 жаштагы Кыргыз жаранынын сөөгү табылган.