Тогуз-Тородо Нарын дарыясынын суусу көтөрүлүп, өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Нарын дарыясында суунун көлөмү көтөрүлүп, Тогуз-Торо районуна караштуу АБЗ тилкесин суу жеп, Ынтымак конушунда жайгашкан 200 кожолукка жана 16 гектар айдоо жерине, Аэропорттун учуу конуу тилкесин суу жеп кетүү коркунучу пайда болгон. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты
Мындан улам Тогуз-Торо райондук жарандык коргонуу комиссиясына “Айгай” жарыяланып, Жалал-Абад облустук жарандык коргонуу башчысы жана ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын катышуусунда штабдык олтурум орун алып, Тогуз-Торо районуна 3-даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Жеринде Нарын дарыясынын белгиленген тилкесинде суунун нугун буруу иштери жүрүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жана жарандык коргонуу кызматынан тиешелүү оор техникалар тартылып күйүүчү май менен камсыздалган.