Тогуз-Тородогу мектептен өрт чыкты

Кечээ, 15-декабрда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда жайгашкан №11 Саймалуу-Таш орто мектебинен өрт чыккан. Ал саат 22:28де толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

«Тилсиз жоодон мектепке улай салынган (2020-жылы курулуп пайдаланууга берилген) ашканасы сакталып калды. Жергиликтүү элдин көмөгү менен китеп жана парта, башка эмеректер чыгарылып, учурда өрттөн келтирилген материалдык чыгым такталууда. Жабыр тарткандар жок», — деп жазылат маалыматта.