Той учурунда унаадан белине чейин чыгып алган жүргүнчү. Айдоочу айыпка жыгылды

Той кортеждин айдоочусуна 15 миң сом айып салынды. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Айланма унаа жолдо той кортежде бара жаткан Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүсү унаанын терезесинен тулку боюн чыгаруу менен авто ээнбаштык жасаган. Бул факты боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери унаанын айдоочусуна авто ээнбаштыкка жол бергендиги үчүн 15 миң сом айып салып, унаасын айып короо жайына токтотушту.