Бүгүн, 9-ноябрда Москва райондук сотунда ат уурдоого шектелип кармалган төкмө акын Болот Назаровдун бөгөт чарасы каралып, камакта калтырылды.
Журналист Болот Темиров жазган маалыматка караганда, акын 9-декабрга чейин СИЗО-1де камакта болот.
Буга чейин милициядан төкмө акындын ат уурдоого шектелип кармалганын маалымдашкан. Болот Назаровдун эжеси инисинин иш-чарага чакырылганын билдирди.