Токмок милициясынын тергөөчүсү 50 миң сом алууга шектелип кармалды

УКМК тарабынан 7-мартта 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Токмок ШИИБнин тергөө кызматынын ага тергөөчүсү, милициянын ага лейтенанты кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан маалымдашып, кармоонун ички иштер органдарындагы коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен бирдикте жүргүзүлгөнүн билдиришти.
УКМК тарабынан аныкталгандай, тергөөчү бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартуу коркунучу менен жарандардан опузалап акча талап келген. Козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүү Жазык-процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык кармалып, УКМКнын ТИЗО УККсына киргизилди. Тергөө жана ыкчам иш-чаралары улантылууда.