Токмок шаарында 80 жаштагы пенсионерди тоногон шектүү кармалды

Токмок шаарында пенсионердин үйүнө кирип, аны тоноп кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 9-февралда болжол менен саат 01:00 чамасында бет кап кийген адам үйдүн тосмосунан ашып, терезени сындырып, 80 жаштагы жергиликтүү тургундун үйүнө кирген. Ал пенсионердин колун байлап, алтын жана күмүш зер буюмдарын, уюлдук телефонун, үй буюмдарын жана азык-түлүгүн алып кеткен.

Бул кылмышка шектелип Токмок шаарынын 27 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.