Чүй облусуна караштуу Токмок шаарында 7 жаштагы баланы ит талап кеткен. Окуяга күбө болгондор социалдык баракчасына малымдашкан.
Маалыматка ылайык, окуя 17-июль күнү 14:00 чамасында болгон. Күбөнүн айтымында, питбуль породасындагы ит баланы талап жаткан жеринен куткарып калышкан. «Дароо милиция кызматына окуя тууралуу кабарлап, өзүбүз «Тез жардам» кызматын күтпөй баланы ооруканага жеткирдик», — деген күбө.
Милиция кызматкерлери аталган дарекке жетип келип, кырсык учурунда иттин ээси жок болгонун жана ит каргысы жок жүргөнүн аныкташкан. Баланы талаган итти атып салышкан.
Шаардык ооруканадан баланын башы, оң бут тарабы таланганын жана травматикалык шок алганын билдиришкен. Учурда жабырлануучунун абалы туруктуу деп бааланууда.