Токмокто «Точка» кармалды. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү

Токмок шаарында «Точка» каймана аты менен таанылган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматтка ылайык, облустук ички иштер башкармалыгына Токмок шаарынын жашоочусунун бири мыйзамсыз ок атуучу курал сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат келип тушкөн.

Жарандын үйүн тинтүү учурунда, үйдөн «Макаров» үлгүсүндөгү тапанча, беш ок жана колго жасалган бычак табылган.