Токмокко жакын аймакта учак кулады. Жабырлануучулар бар

Токмоктогу жеке менчик аэродромдо учак кулады. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазышты.

Маалыматтарга караганда, окуя бүгүн, 20-октябрда катталган. “Бристоль” эки орундуу учагы кулаган. Анда авиаучилищанын курсанттары болгон. Алар ооруканага жеткирилген.

Ооруканага 2000 жана 1995-жылы туулган жарандар түшкөн.