Токмокто 15 жаштагы кызды зордуктоого шектелип өгөй атасы кармалды

Neglected lonely child

Токмокто 15 жаштагы кызды зордуктоого шектелген адамды милиция кызматкерлери кармашты. Бул тууралуу supertv.kg сайтына адвокат Шердор Абдыкапаров билдирди. Чүй ОИИББи кыздын өгөй атасы кармалганы тууралуу маалыматты тастыктады.

Жактоочунун айтымында, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, жабырлануучунун таенеси кошумча көрсөтмөлөрдү берген.

Буга чейин адвокат Шердор Абдыкапаров жашы жете элек кызды зордуктоо фактысы боюнча маалымат берген. Анын айтымында, кыз өгөй атасы тарабынан эки жыл бою кордук көрүп, кыздын апасы бул жөнүндө билип, күйөөсүн жаап-жашырып келген.