Токмокто 3 кишини өлтүргөндөр кармалды

9-январь күнү Токмок Шаардык Ички Иштер Башкармалыгына Токмок шаарындагы үйлөрдүн биринин кожоюнун  бирөөлөр сабап салгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Милиция кызматкерлери аталган дарекке барганда, окуя болгон жерден үч эркек киши ар түрдүү дене жаркаттары менен табылып, тез жардам кызматы чакырылган. Жаракат алгандардын бири ооруканага жетпей каза болгон, ал эми экөө ооруканын жандандыруу бөлүмүндө көз жумган. Окуя болгон жерде кароо жүргүзүлүп далил буюмдар табылган.

«Бул факты  «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Териштирүү учурунда каза болгон жарандардын экөөсүнүн өздүгү такталып, алардын экөө 39 жана 32 жаштагы жарандар болсо, үчүнчү жарандын өздүгүн тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Жүргүзүлгөн тергөө иштеринин натыйжасында милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип, изи сууй электе 36 жана 31 жаштагы жарандар Кемин районунун аймагынан кармалышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмышка шектүүлөр жана каза болгон жарандар бирге ичимдик ичишип, ортодогу чыккан пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Жыйынтыгында үч жарандын денесине оор жаракат келтиришип, окуя болгон жерден экөөсү из жашырып кетишкен»— деп жазылат маалыматта.

Учурда бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө.