Токмокто 37 жаштагы жаран унаа алдында калып көз жумган. Айдоочу качып кеткен

Токмок шаарында жөө жүргүнчүнү сүзүп, изин жашырган айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 11-ноябрь күнү саат 03:30 чамасында Токмок шаарындагы көчөлөрдүн биринде белгисиз унаа 1986-жылы туулган жаранды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Кырсыктын кесепетинен жаран каза болгон. Изин сууткан айдоочунун аты-жөнү аныкталып, анын 1999-жылы туулган жаран экендиги, ал өзүнүн Субару Форестер үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүп, качып кеткени аныкталган.

Тергөөнүн натыйжасында унаа атайын унаа токтотуучу жайга киргизилип, тийиштүү экспертизалар дайындалып, айдоочу шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.