Токмокто киши өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 20-октябрда Токмоктогу дүкөндөрдүн биринин артынан 1981-жылы туулган жарандын жансыз денеси табылган. Анын киши колдуу болгону аныкталган. Кылмышка шектүү катары 1966-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Соттун чечими менен шектүү 2 айга камакта калтырылды.