Токмокто 56 жаштагы киши өлтүрүлдү. Кылмышка 32 жана 30 жаштагы жарандар шектелүүдө

Чүйдө 56 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 18-сентябрда Токмок ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө шаардагы үйлөрдүн биринде эркек кишилер мушташып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке барган милиция кызматкерлери 56 жаштагы кишинин жансыз денесин табышкан. Денесине кароо жүргүзгөн учурда анын зомбулук менен өлтүрүлгөнү маалым болгон. Бул факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип Токмок шаарынын 1989, 1991-жылы туулган тургундары кармалып, камакка алынды. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, маркум менен кылмышка шектүүлөрдүн ортосунда чыр чыгып, окуя адам өлүмү менен аяктаган. Тергөө иштери уланууда.