Токмокто 73 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, куткаруучулар Токмок шаарынын 3-кичи районунунда жайгашкан батирлердин биринин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1948-жылы туулган аял кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денеси ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилген.