Токмокто адам уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 1-октябрда Токмок ШИИБге жаран кайрылып, 30-сентябрда саат 20:30 чамасында Панфилов көчөсүндө аны сабап, унаага салып, Ак-Бешим айылындагы талаага алып барып сабаган шектүүлөргө чара көрүүнү суранган. Аталган факты каттоого алынып, адам уурдоо беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды. Экинчи шектүү изделип жатат. Тергөө уланууда.