Токмокто айдоочу кызы менен апасын сүзүп кеткен. 5 жаштагы бөбөк ооруканага жетпей үзүлдү

Токмокто айдоочу жолдон 5 жаштагы кызы менен өтүп бараткан келинди сүзүп, бөбөк ооруканага жетпей үзүлгөн. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Кырсык 28-сентябрда саат 11:30 чамасында болгон. 1984-жылы туулган жаран Mazda Demio үлгүсүндөгү унаасы менен Токмок шаарынын Ибраимов көчөсү менен түштүк тарапка бара жатып, Трясина көчөсүнүн кесилишинде жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан 1992-жылы туулган келин менен анын 2020-жылы туулган кызын сүзүп кеткен. Жол кырсыктын кесепетинен кичинекей кыз ооруканага бара жаткан жолдо көз жумган, ал эми келин оор жаракат алып, Токмок шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Шектүү кармалып, камакка алынды.