Токмокто ата өгөй баласына бычактан жаракат келтирген деп шектелүүдө

Токмокто өгөй баласына бычактан жаракат келтирген шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 18-майда Токмок ШИИБге 1993-жылы туулган жаран кайрылган. Ал арызында 1979-жылы туулган өгөй атасы уруш учурунда ага бычактан жаракат келтиргенин жазган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары өгөй ата кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.