Токмокто батир өрттөөгө аракет кылган кишинин жоругу видеого түшүп калган

Токмок шаарында батир өрттөөгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

7-январда милицияга 1955-жылы туулган Токмок шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Арызында 6-январь күнү саат 22:00 чамасында Борончиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөгү батиринин эшигин сындырып, өрттөп кетүүгө аракет жасаган белгисиз адамга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Аталган факты катталып, кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишине шектүү катары Токмок шаарынын тургуну, 1947-жылы туулган жаран аныкталып, Тергөө кызматына жеткизилди. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.