Бурана мунарасынан 25 жашар кыз кулап, каза болду

Токмоктогу Бурана мунарасынан бир кыз кулап каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИББсынан билдиришти.

«30-май күнү Бурана мунарасынан кыз кулап түшкөнү тууралуу маалымат келген. Ыкчам-тергөө тобу тез арада жетип барганда 1997-жылы туулган Ысык-Ата районунун тургунунун жансыз денеси табылган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Мунарага келген конокторду сурак кылганда кыздын жалгыз келгени жана эч ким жок учурда мунара чыгып кеткени маалым болгон. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.