Токмокто чагылган тийип көз жумган окуучу. Кыздар спорттук аянтчада волейбол ойноп жүрүшкөн

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинен Токмокто 3 окуучуга чагылган түшүп, бирөөсү каза болгонун билдиришкен. Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга маалымат түшүп, анда спорттук аянтчада чагылган тийип, жашы жете элек кыздын көз жумганы айтылган. Жерине барган милиция аянтчада волейбол ойноп жүрүшкөн кыздарга чагылган түшкөнүн кесепетинен 2008-жылы туулган кыз каза болгону аныкталган. Мындан тышкары 2005 жана 2009-жылы туулган өспүрүмдөр күйүк алып, ооруканага жеткирилди.