6-март күнү саат 12:20 чамасында Чүй облусунун ИИББдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Токмок шаарынын айланма автожолунда жаран Даниэль Ажиев кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан маалымдашты.
Бул факты боюнча Токмок шаарынын ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду. Ажиев Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кылмыш ишинин алкагында тиешелүү соттук экспертизалар дайындалды. Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Тергөө иштери улантылууда.