Токмокто эркек кишини өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен Фольксваген Пассат унаасынын айдоочусун кармады.

Маалыматка караганда, 22-мартта саат 01:30 чамасында Токмок шаарындагы Ленин менен Колхоз көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу 50-55 жаштар чамасындагы эркек кишини сүзүп, качып кеткен. Кырсыктын кесепетинен эркек киши ошол жерде көз жумган.

Кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган айдоочу кармалып, тергөөгө жеткирилди. Унаасы айып короого токтотулган.