Токмокто жеңил унаа жүк ташуучу унааны сүзгөн кырсык катталды

Бүгүн, 1-июлда саат 14:20 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 57-чакырымында Хундай-Грандиор үлгүсүндөгү унаасы батыштан чыгышка бара жаткан учурда ошол эле багытта бара жаткан чоң жүк ташуучу “Вольво” үлгүсүндөгү унаасы жолдун кайрылма жеринен бурулуп жатканда артынан сүзгөн. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан маалымдашты.

Жол кырсыктын кесепетинен жеңил автоунаанын эки жүргүнчүсү ар кандай жарактарынан улам Ысык-Ата районунун ооруканасына Тез жардам кызматы менен жеткизилди.