Токмокто жетекчи ден соолукту чыңдоо борборун баласына менчиктештирген. Объект мамлекеттин балансына кайтарылды

Чүй облусунун Токмок шаарындагы мыйзамсыз менчиктештирилген дарылоо-ден соолукту чыңдоо борбору мамлекеттин балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу коопсуздук комитетинен билдиришти.

Аталган объект 1,05 га жер тилкеси менен 1995-жылы мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен. Иликтөөдө борбор Мамлекеттик мүлк фонду менен макулдашпастан жеке менчикке толук түрдө берилгени аныкталган.

«Кыргыз өкмөтүнүн 1995-жылдын 9-октябрындагы токтомуна ылайык, ушул типтеги объектилер толугу менен менчиктештирүүгө жатпайт. Акциялардын 59% мамлекетке тиешелүү болушу керек. Бирок Е.У. жетекчи болуп туруп, жасалма келишим түзүп, аталган ден соолукту чыңдоочу мекемени уулуна жеке менчикке өткөрүп берген. Мамлекет ээликтен ажыратылганы үчүн пайдадан дивиденддерди алган эмес», — деп жазылат маалыматта.

УКМК бул социалдык маанилүү объект максаттуу багыты боюнча пайдаланылуусу үчүн Токмок шаарынын мэриясынын муниципалитетинин балансына өткөрүп берди.