Токмокто жол кырсыкта каза болгон 8 адам бир күндө жерге берилди

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

27-майда Токмокто жол кырсыгы катталып, 8 адам көз жумган. Маалыматка караганда, Хонда Одиссей Нарын облусунан Бишкек шаарын көздөй бара жатып, 78-чакырымдан каршы тилкеге чыгып, Манипулятор унаасы менен сүзүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаадан 8 жаран окуя болгон жерден көз жумган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине маркумдардын айылдаштары каза болгондор тууралуу маалымат беришкен. Айылдашынын маалыматына караганда, алар Бишкекке тойго келе жатышкан. «Каза болгон айдоочу Баш-Кайыңды айылындагы мектепте дене тарбия сабагынан берген агай эле. Агай жубайы жана 3 жаштагы кызы менен каза болду. Унаанын ичинде анын бир тууган карындашы жана анын кызы болгон. Дагы 3 таанышы бар экен. Кыязы туугандары эле окшойт. Бүгүн жерге берилет», — деди айылдашы.

Редакция Ат-Башы районунун акиминин орун басары менен байланышканыбызда, айдоочунун мугалим экендигин, жубайлардын ортосунда 6 бала болгонун, жакында эле бирөөсү чарчап калганын, 4 бала жетим калганын айтты. «Учурда балдарды камкордукка алуу боюнча иштер жүрүп жатат. Каза болгондордун ичинде Дыйкан айылынан дагы бир мугалим бар. Ошондой эле айдоочунун карындашы кызы менен каза болду. Дагы бир апа бар экен», — деди ал.

Акимдин орун басары бүгүн, 29-майда каза болгон 8 адам тең жерге берилгенин билдирди.