Токмокто жүрөк титиреткен кырсык катталып, анда 7 адам мүрт кетти

19-декабрдан 20-декабрга караган түнү Токмоктун жанында жүрөк титиреткен кырсык орун алды. Эки унаанын кагышуусунан 7 киши мүрт кетип, 3 адам ар кандай жаракат менен бейтапканага жеткирилген.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, Volkswagen Vento үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол ортосундагы тосмого карабай, каршы тилкеге чыгып айдап, Kia K5 үлгүсүндөгү жеңил унаа менен кагышкан.

Кырсыктан кийин  тартылган видео социалдык тармактарга тарап, анда кагышкан унаалардагы жаракат алгандар менен каза болгондордун сөөктөрү талкаланып калганы айтылып, ыйлаган наристенин үнү да угулат.